2026-04-29
2026-жылдын 24-апрелинде Туризм факультетинин «Ресторан иши жана кулинардык өнөр» кафедрасында VI. Студенттик илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү.
Иш-чарага 4-курстун студенттери жана «Ресторан иши жана кулинардык өнөр» кафедрасынын академиялык курамы катышты. Конференция ресторан иши жана гастрономиялык туризмдин көйгөйлөрү менен өнүгүү перспективалары талкууланган, илимий идеялар жана практикалык тажрыйба алмашуунун маанилүү аянтча болду.
Студенттер ресторан ишмердүүлүгүнүн, гастрономиянын туруктуу өнүгүүсү, ошондой эле улуттук тамак-ашты Кыргызстандын туризм индустриясына интеграциялоо боюнча докладдарды жасашты.
Катышуучулардын активдүүлүгү талкуунун деңгээлин жогорулатты, жана докладдардын практикалык маанилүүлүгү келечектеги адистерди даярдоонун актуалдуулугун көрсөттү.
Илимий-практикалык конференциянын форматы илим менен практиканын байланышын чыңдоого, студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана Кыргызстанда ресторан иши менен гастрономиялык туризмди келечектүү багыт катары илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.

